Каза болду что значит

О смерти вслух не говорят

— Умерла Клавдия Ивановна, — сообщил заказчик. — Ну, царствие небесное, — согласился Безенчук. — Преставилась, значит, старушка… Старушки, они всегда преставляются… Или Богу душу отдают, — это смотря какая старушка. Ваша, например, маленькая и в теле, — значит, преставилась. А, например, которая покрупнее да похудее — та, считается, Богу душу отдаёт… — То есть как это считается? У кого это считается? — У нас и считается. У мастеров. Вот вы, например, мужчина видный, возвышенного роста, хотя и худой. Вы, считается, ежели, не дай Бог, помрёте, что в ящик сыграли. А который человек торговый, бывшей купеческой гильдии, тот, значит, приказал долго жить. А если кто чином поменьше, дворник, например, или кто из крестьян, про того говорят: перекинулся или ноги протянул. Но самые могучие когда помирают, железнодорожные кондуктора или из начальства кто, то считается, что дуба дают. Так про них и говорят: «А наш-то, слышали, дуба дал». Потрясенный этой странной классификацией человеческих смертей, Ипполит Матвеевич спросил: — Ну, а когда ты помрёшь, как про тебя мастера скажут? — Я — человек маленький. Скажут: «Гигнулся Безенчук». А больше ничего не скажут. — И строго добавил: — Мне дуба дать или сыграть в ящик — невозможно: у меня комплекция мелкая…

Благодаря страху смерти в этой стране, мне не придётся умирать. Я просто «покину вас!» Или истеку, как подписка на журнал! Такое иногда происходит в больницах, там это называют «летальный исход». В страховой компании напишут об этом как о «неблагополучном результате ухода за пациентом». А если это результат врачебной ошибки, то скажут что это был несчастный случай в процессе лечения!

Читайте также:  Что значит эос отклонен влево по экг

» — Джордж Карлин

Во многих культурах упоминание смерти — табу: либо из боязни, что Безносая может ненароком явиться на зов, либо из гипертрофированного желания не говорить в доме повешенного о верёвке. Как следствие, о смерти вслух не говорят, а придумывают вместо этого эвфемизмы. Которые со временем теряют трагическую коннотацию, приобретая взамен разную степень бафосности.

Подтроп — десять лет без права переписки, если смерть была насильственная и при этом не по закону. Родственный троп — рыбки плавали, когда на смерть персонажа указывает его упоминание в прошедшем времени.

Источник

Каза болду что значит

№903 20-26-февраль, 2020-ж.

Молдону ээрчитип келип эле нике кыйдырып алып, жарандык абалын мыйзамдуу каттоодон өткөрүүгө көңүл бурбай жүрүп, бир нече баланын ата-энеси болууга жетишкен жаштар өлкөбүздө миңдеп саналат. Качан гана балдарга документ алууда же нике күбөлүгүнүн зарылчылыгы келип чыкканда Калкты тейлөө борборуна чуркап калышат. Мына ушундай «кыргызча» жашай берүүнүн терс жактарынын бири тууралуу алдыда сөз болот.

«КАЙНЕНЕМДИ ОРТОГО САЛЫШТЫ»

Каарманыбыз Таңсулуу Ишатова менен жолдошу Аскат Бостонов нике кыйдырып, чакан мамлекет болуп жашап баштагандан бери 2 балалуу болушкан. Бирок мыйзамдуу түрдө жарандык абалдарын каттоодон өткөрүшкөн эмес. Таңсулуу айым үй тиричилиги менен үйдө, жолдошу болсо курулушта иштеп, үй-бүлөсүн бакчу. 2018-жылы каргашалуу кырсык орун алып, Аскат Бостонов Бишкек шаарындагы курулуш жүрүп жаткан имараттын 11-кабатынан кулап кетип каза болгон. Учурда ал курулуш компаниясы тийиштүү көңүл буруп жардам бербей, эки баласын жалгыз багуу кыйынга туруп жатканын айтат.

— Азыр эки баламды жалгыз бой тарбиялап жатам. Ишенген тообуздун кулаганына 2 жылдын жүзү болуп бара жатат. Андан бери кирбеген эшигим калган жок. Баары күйөөм каза тапкан курулуш компаниясынын сөзүн сүйлөп жатышат. Негизи компания башында «батир беребиз» деп сөз берген. Бирок акыркы мезгилде «биз сага моралдык чыгымдарды төлөдүк» деп ал убадасынан баш тартып жатышат. Моралдык чыгымдарды төлөгөндө кандай? Жолдошумду жерге бергенден кийин кайненемди чакырып кун тууралуу кеп кылышкан экен. Ага 500 миң сом берип, анын «ушуну менен келиним Таңсулуунун оозун жабам, ал башка жардам сурап келбейт» деген сөзүн алып алышыптыр. Кайненем «ал каражатты Аскаттын көзү тирүүсүндө алган насыянын калганын төлөөгө жумшадык» деп койду. Бирок күйөөм экөөбүз алган насыябызды төгүп отуруп, 28 миң сомдой эле калган болчу.

Кийин жардам сурап бир нече жолу бардым. Компаниянын өкүлү «берген каражатыбыз сага каралашуу иретинде эле болсун, колдон келип калса, балдарың менен кирип жашаганга батир алып беребиз» деп улам 10 миң, 5 миң сомдон берип жатышып, баш-аягы 213 миң сомдой акча алдым. Өзүм бала менен иштей албайм, алган каражаттар күнүмдүк тиричиликке гана жумшалып жатты. Берген акчасынын ичинде жолдошум иштеп, бирок алганга жетишпей калган айлыгы да бар.

«ЖОЛДОШУМДАН АЙРЫЛГАН КҮН»

— 2018-жылы 27-октябрда Аскат жумушка кеткен. Түшкү саат 2лер чамасында телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Негизи бат-баттан эле сүйлөшүп турчубуз. Аңгыча мага «курулуштун электриги болом» деп Урмат деген киши байланышып, «жолдошуң 3-кабаттан кулап кетип, буту сынып ооруканага алып кетишти» деди. Ооруканага барганга чейин күйөөмдү жасалма дем алдырышып, андан кийин «жүрөгү токтоп калды» деп экспертизага алып кетишиптир. Эч кимдин уруксаты жок эле денени союп, андан ары өлүкканага алып барышыптыр. Күйөөмдү «№4-шаардык ооруканада» дешкенинен ошол жакка барып, жандандыруу бөлүмүнүн алдында түнкү саат 12ге чейин күтүп турдук. Көрсө, эчак эле өлүкканага жиберилген экен. Артыбыздан эле курулуш компаниясынын жетекчилери келип бизди алаксытып, Аскаттын тирүү экендигин айтып, үйгө чейин жеткирип коюшту. Кайын журтум компаниянын өкүлдөрүнө жолукканда «3-кабаттан эмес, 11-кабаттан кулап кетти» дешиптир.

Үйгө келип деле тынчтана алган жокмун. Түнкү саат 3төрдө милицияга чалып, «курулуштан кулап кеткен киши тууралуу маалымат келип түшкөн жокпу?» деп сурасам, тактап беришти. «11-кабаттан кулаптыр, саат 4төрдө үзүлүптүр, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда дене өлүкканада» деди. Нес болуп калдым. Күндүз эле сүйлөшүп, акыбалын сурашкан күйөөм эки балам менен мени таштап кете бердиби деп ишенбей жаттым. Анын каза болгонун билбей, түнкү саат 12ге чейин ооруканада күткөнүмчү? Ошондо деле бирөө келип айтып койбойбу?!

«АПАСЫ ДЕПУТАТ, АТАСЫ ЧИНОВНИК. »

— Эртеси баламды көтөрүп алып кайра ооруканага бардым. Күйөөмдүн тиешелүү документтерин ала албай, өлүкканадан чыгарып кете албай түшкө чейин жүрдүк. Андан кийин сөөктү Жалал-Абадга жерге бергени алып кеттик. 2 айдай кара жамынып отурдум. Катуу стресс болдум, сүт чыкпай, эмчектеги баламды эмизе албай калдым. Андан кийин Бишкекке келип курулуш компаниясынын директоруна жолуктум. «Байсервис» деген курулуш компаниясы, директору Марат Аскеров деген киши. Анын апасы депутат Гүлкан Молдобекова, ал эми атасы Мирбек Асанакунов Профсоюздар федерациясынын төрагасы экен. Ал-акыбалымды айтып жардам сурадым, жакшы эле түшүнүшүп сүйлөшүп отурдук. Ал: «Азырынча акча берейин, батир акысын төлөп, балдарыңа тамак-ашын алып берип тур. Буга кошумча жолдошуңду жерге берүү үчүн каражат деп кайненеңе акча которгом. Андан тышкары карыздарыңар бар экен. Ошолорду төгөбүз деп акча алды. Сага деле акча бөлүнөт. Бирок толук бере албайбыз. Бөлүп-бөлүп болсо да кем-карчыңарга жарагыдай берип турабыз. Буга кошумча батир алып берем, балдарыңдын бирине каттатып аласың», — деди. Компаниядан 5 миңден, 10 миңден алып жатып баш-аягы 213 миң сом алдым. Акыркы жолу барганда 4000 сом берди.

Андан бери кыш өттү, жаз өтүп, жай келди. Бирок батир тууралуу кеп болгон жок. Мен болсо батирдин акчасын төлөй албай калып, кожойке «чыгып кет!» деп кууй баштады. Абалымды түшүндүрүп директорго бардым. Ал кайненеме 500 миң сом бергенин айтып, сөзү өзгөрө баштады. «Кайсы жакка барсаң да эч нерсе кыла албайсың. Менин бардык жакта байланышым бар», — деди. Айткандай эле тиешелүү мекемелерге барып көрдүм. «Күйөөң экөөңдүн нике күбөлүгүңөр жок экен, мыйзамга таяганда сенин эч нерсеге акың жок болуп калат» деген жоопторду угуп жатам. Балдарымдын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болчу. Чуркап жүрүп жолдошум балдарымдын атасы экенин тастыктаган документ алып, балдарыма күбөлүк алдым.

«ЖАТАКАНАДАН БАТИР АЛЫП БЕРҮҮ АРАКЕТИН КӨРҮП ЖАТАБЫЗ»

Таңсулуу Ишатованын арыз-муңу боюнча «Байсервис» курулуш компаниясынын башкаруучу директору Марат Аскеровго байланышып, буларды уктук:

– Таңсулууну тааныйм, ал бизге бат-баттан келип турат. Өзү айткандай, кем-карчына, жашоо-тиричилигине акча берип турганыбыз чындык. Баш-аягы 700 миң сомдой бердик. Өткөндө дагы бир журналистти жөнөтүптүр. Ал дагы биздин айткандарыбызды угуп кетти. Келген сайын 4000-5000 сомдон алып кетип турат, колдон келген жардамыбызды аябайлы деген эле ниет. Компания жалгыз өзүмдүкү эмес. Мени менен катар башка дагы уюмдаш тараптар (учредитель) бар. Таңсулуу алардын бирин да тааныбайт. Жалгыз мага келип жардам сурайт. Биз такыр эле жардамдан баш тартып коёлу деген жокпуз. Учурда шарттары жакшы жатаканадан батир алып берели деп аракет кылып жатабыз.

«НИКЕ КҮБӨЛҮГҮСҮЗ АЯЛ МУРАСКЕР БОЛО АЛБАЙТ»

Таңсулуу Ишатованын арызы боюнча ал мураскер катары жолдошунун кунун өндүрө алабы деген суроо менен юрист Такен Молдокуловго кайрылып, жооп алдык.

– Бул окуяда эң негизги юридикалык күчкө ээ документ – жубайлардын нике тууралуу күбөлүгү. Ал эми балдарынын атасы экендигин тастыктаган күбөлүктөгү атасынын аты, фамилиясы компаниядан компенсация өндүрүүгө жардамын бере албайт. Анткени коомдо жарандык никеде жашап, балалуу болуп, атасынын фамилиясын алган балдардын энеси жалгыз бой эне катары гана эсептелип калат. Мындан тышкары дагы бир жагдай бар. Эгерде маркум Аскат Бостонов курулуш компаниясына ишке кирип жатканда келишим түзүп кирген болсо, анда ошол келишимдин негизинде компания жооп берүүгө милдеттүү.

Окурмандар, айрыкча жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаштар макаланы окугандан кийин никесин мыйзамдаштыруу канчалык деңгээлде көңүл бура турган маселе экенин түшүнөт деген ишеничтебиз. Жарандык абалды каттоо ар бир инсандын өз укуктарын коргоого, билүүгө жол ачкан мыйзамдуу жол.

Источник

Каза болду что значит

№971 15-21-июль, 2021-ж.

12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол жана Ак-Жол айыл аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 8 адам каза болду. Бул каргаша тууралуу жогоруда аталган айылдын тургундары, жакындарын жоготкондор айтып беришти.

“СЕЛ 8 АДАМДЫ АГЫЗЫП КЕТТИ”
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүдөй билдирүү таратты:
– Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында 2021-жылдын 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун сел каптаган. Жайлоого баруучу ички чарбалык жолду каптап, көпүрөлөрдү да агызып кеткен. Таштак айылында 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы агызып кетти.
Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду суу каптап, көпүрөлөрдү бузган. Мындан сырткары аталган айылдан 7 адамды (1958-жылы туулган Б.Ж.К., 1981-жылы туулган Ш.Б.Т., 2009-жылы туулган
Ш.А.А., 2014-жылы туулган Ш.А.А., 2005-жылы туулган Т.П.Н., 2009-жылы туулган
О.Н.О., 2018-жылы туулган Т.Ф.Н.) суу агызып кетти. Башкача айтканда, 2 аял, 5 бала селге кеткен. Сел жалпы 8 адамды агызды. Анын ичинен 7 адамдын жансыз денелери табылып, 1 бала: 2016-жылы туулган К.А. табыла элек. Учурда ӨКМнын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар жоголгон баланын денесин издөө иштерин жүргүзүүдө.

“БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨН 6 АДАМ КАЗА БОЛДУ”
Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылынын башчысы БАЗАРАЛЫ РАЙЫМБЕКОВ айттырбай келген кырсык боюнча буларга токтолду:
– Селдин кесепетинен Ак-Жол айыл өкмөтүнөн 7 адам каза болду. Анын ичинен 6 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул үй-бүлө жайлоодогу үйүндө отурушканда сел үйдү орду түбү менен алып кеткен. Андан сырткары ошол сел алган үйгө коңшу Эчкили айылынан 2009-жылы туулган бала мал айдап кетүүгө кетип, аны дагы сел агызып, каза болду. Сел алып кеткен үйдүн тегерегинде да бир-эки үй бар болчу, бирок сел аларга жеткен эмес. Сел өзүнүн жолундагы айылдын бир тургунунун үйүн да бузуп кеткен. Бирок анда жабырлануучулар жок. Эскерте кетсек, жамгыр айылга эмес, жайлоого жааган.

“5 КЫЗДАН КИЙИНКИ УУЛ БОЛЧУ”
Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Эчкили айылынын башчысы АЙДАРАЛЫ МЫРЗАГУЛОВ айыл элинин 70 пайызы издөө иштерине аралашты дейт:
– Селдин кесепетинен каза болгон 12 жашар бала 7 бир туугандын алтынчысы. Ата-энесинин 5 кыздан кийин көргөн баласы болчу. Өзүнөн кийин 5 жашар иниси бар. Маркумдун атасы Болотбектин айтымында, баласы экөө жайлоого мал айдап түшүү үчүн барган. Бирок жайлоодон ылдый түшүп келе жатканда аба ырайы бузулуп, жамгыр жааганда уулу үшүп кеттим дегенинен ошол жердеги ээн үйгө киргизип, өзү малдын артынан кырга чыгып кетет. Арадан 15 мүнөт өтүп малды кырдан айдап келе жатып, уулу кирип кеткен тамдын орду түбү менен жок болуп кеткенин көрөт. Баланын атасы ошол замат бизге кабар берди. Биз ӨКМга кабарладык. Баланын сөөгүн жапырт айыл тургундарынын жардамы менен кечки саат 23:00 чамасында таптык. Ал 13-июлда жерге берилди.

“5 ЖАШАР БАЛА ДА СЕЛДИН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУ”
5 жашар К.Анын аталаш агасы БЕКТЕНБЕК КОЧКОРОВ баланы табуу кыйын болуп жатат дейт:
– 12-июлда кечки саат 17:30дар чамасында Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында 4-5 бала сайга барып, таштарга секирип ойноп жүргөн. Суу ташкыны келгенде берки балдар жээкке секирип кетүүгө жетишкен. Ал эми иним кичинекей болгондуктан калып калган. Ошол жерде жүргөн жигиттердин бири чуркап барып, колунан кармайын дегенде сел жулуп кетиптир.
Бул капилеттен келген кырсык болду. Издөө иштери жүрүп жатат. Суу киргил болгондуктан баланын денесин табуу кыйын болууда. Кыскасы, табууга убакыт керек. Иним 5 бир туугандын төртүнчүсү эле.

“6 ЖАКЫНЫМДАН БИР УЧУРДА АЖЫРАДЫМ”
Бир учурда 6 жакынынан ажырап, кабыргасы кайышып турган НУРБЕК ШАЙЫМБЕКОВ бир нерсени сезгендей үй-бүлөмдү жайлоого жибергим келген эмес болчу дейт:
– Күтүүсүз келген кырсыктан улам апамдан, карындашымдан, эки жээнимден жана эки кызымдан ажырадым. Каргаша болгон күнү кыздарым жайлоого барып келели дегенинен бир нерсени сезгендей жибергим келген эмес. Жаңы гана тили чыгып келе жаткан 2,5 жашар кызым “ата, эшек минем” деп калды. Карындашымдын 2 баласы биздин үйдө жүрчү. Апасы аларды көргөнү келгендиктен аны “эс ала кет” дегем. Анын үстүнө жайлоодогу үйүбүз да алыс эмес, аралыгы 3 чакырымды түзөт. Күн алыс жайлоодогу үйгө барып, ал жактагы мал-жанга көз салып, кайра үйгө келчүбүз. Алар 12-июль күнү эртең менен кетишкен. Мен айылда жумуштарым бар болгондуктан калып калгам. Түштөн кийин бир аз жамгыр жаады. Кечке жуук жамгыр күчөгөндүктөн алар үйгө киришкен экен. Ошол учурда сайдагы сел келип, баарын алып кетиптир. Кечки саат 19:30 чамасында айыл өкмөттөн адамдар келип бизге угузушту. Дароо окуя болгон жерге жетип бардык. Үйүбүздү таштар басып калыптыр. Аман болсо экен деп барып, аларды таппай калдым. Айыл эли, туугандар, куткаруучулар келип, сөөктөрдү табышты. Бирок кичүү кызымдын сөөгүн 14-июлда жергиликтүү тургундардын жардамы менен таптык. Башыбызга адам көтөрө алгыс оор сыноо түштү. Бир учурда жакындардан айрылып калуу абдан оор экен. Күйүтүм жан чыдатпай жатат. 13-июлда кичүү кызым Фатимамдан бөлөгүн жерге бердик. Ал эми Фатима эртеси табылып 14-июлда жерге берилди. Улуу кызым быйыл 11-класска көчкөн. Негизи 6 балам бар. Минтип экөөнөн айрылып калдым.

«Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты Аксыдагы селдин кесепетинен жакынын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Источник

Оцените статью